Сыйлыктар, ыраазычылыктар, кардарлардын таануусу – бул өнөктөштөрдүн демилгеси менен же FINCAнын социалдык саясатынын алкагында жүргүзүлгөн коомдук маанидеги долбоорлорго жана иш-чараларга катышуусу, өнөктөштөр менен болгон мамиленин натыйжасы.
Бул бөлүмдө биз биргелешкен ишибиздин жыйынтыгы тууралуу бөлүшөбүз. Жасалган иш ар дайым айлана-чөйрөгө өз таасирин тийгизип келет. Коомдун туруктуу өнүгүүсүнө салым кошуу жыйынтыгында адамдардын жашоо-турмушунун сапатын жогорулатат.

FINCA БАНК GLOBAL FINANCE ЭЛ АРАЛЫК ФИНАНСЫ ЖУРНАЛЫ ТАРАБЫНАН «КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭҢ ТЕЗ ӨСҮП-ӨНҮККӨН БАНКЫ 2019» СЫЙЛЫГЫН АЛДЫ.
2019-жылдын 12-мартында Global Finance журналы Нью-Йоркто дүйнөнүн эң мыкты банктарына “Global Finance Awards” сыйлыгын тапшыруунун 26-аземин өткөрүүнү жарыялады! Бул банктык жана финансылык тармактарда барктуу эл аралык сыйлыктардын бири болуп саналат.

Америка Соода Палатасы
FINCA Банк Кыргызстандын коомун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн” номинациясын жеңип алды

Микрофинансылык борбор
FINCA Банктын инновациялык долбоору «Innovation Award» Микрофинансылык борборунун башкы эл аралык сыйлыгына ээ болду

Smart Campaign тастыктамасы
Кардарларды коргоонун принциптерине ылайык келүүсү боюнча тастыктама
КИРҮҮ

«Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду
Көрсөтүлгөн кайрымдуулук жардамга ыраазычылык билдирүү