Урматтуу FINCA ELSOM колдонуучулары!

Биздин кызматтарыбызды жакшыртуу максатында 2024-жылдын 20-мартынан тартып FINCA ELSOM электрондук капчыгы жабылганын жана кызматташууну улантуу үчүн кардарларыбызды FINCA Bank Kyrgyzstan Мобилдик Банкинг тиркемесине өтүүгө чакырабыз. Бул тиркемеде FINCA ELSOM электрондук капчыктын функциялары, ошондой эле бир топ кеңири функциялар жана мүмкүнчүлүктөргө ээ.

Бул үчүн, биз төмөнкү кадамдарды жасоону сунуштайбыз:

1. 2024-жылдын 20-мартына чейин FINCA ELSOMдон акча каражаттарын төмөнкү жолдор менен алуу:

• Биздин кеңселердин кассалары аркылуу;
• Башка банктын Элкарт картасына же FINCA Элкартка которуу;
• FINCA Банктагы талап эсебине которуу аркылуу.

!!! 2024-жылдын 20-мартынан кийин акча каражаттарын Банктын кассалары аркылуу гана алуу мүмкүн болот.

2. FINCA Bank Kyrgyzstan тиркемесин орнотуп, аралыктан идентификациядан өтүңүз.

Суроолоруңуз болсо, биздин Кардарларды колдоо кызматына 4400 же 312 440 440 телефондоруна кайрылыңыз болот (мобилдик телефондон чалуу акысыз).

Биздин электрондук капчыкты сиздин финансылык өнөктөшүңүз катары тандаганыңыз үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз. Кызматташтыктын ар бир этабы биз үчүн кызыктуу жана жемиштүү болду, биз ар дайым сизге эң жакшы кызматты көрсөтүүгө, сиздин финансылык муктаждыктарыңызды канааттандыруу үчүн инновациялык чечимдерди түзүүгө умтулуп келгенбиз, эми жаңы мобилдик банкинг тиркемеси менен биз сиздерге мындан да жакыныраак, ылдамыраак жана ыңгайлуу болобуз!

Түшүнүшүү жана кызматташууга үчүн рахмат!

Урматтоо менен,

FINCA Банк командасы