«ФИНКА БАНК» ЖАК ФИНАНСЫЛЫК КАРАЖАТТАРДЫ БАШКАРУУДА МАКСИМАЛДУУ ЫҢГАЙЛУУЛУКТУ КАМСЫЗДОО МАКСАТЫНДА, КАРДАРЛАРЫ ҮЧҮН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ КЫЗМАТЫН СУНУШТАЙТ.
ФИНКА БАНКТЫН ИНТЕРНЕТ БАНКИНГ КЫЗМАТЫНЫН ЖАРДАМЫ МЕНЕН СИЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН КААЛАГАН ЖЕРИНЕН ЖУМАНЫН 7 КҮНҮНДӨ 24 СААТ БОЮ ЭСЕПТЕРДИ АЛЫСТАН БАШКАРУУ МҮМКҮНДҮГҮНӨ ЭЭ БОЛОСУЗ.
ФИНКА БАНКТЫН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГИНИН МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ ЖАНА АРТЫКЧЫЛЫКТАРЫ:
Туташуу акысыз жана тейлөө үчүн комиссия алынбайт
Эсептеги акча каражаттардын жүгүртүлүшүн жана калдыгын эсепке алуу жана көзөмөлдөө
Кыргызстандын каалаган жеринен акча каражаттарды башкаруу менен убакытты үнөмдөө
ФИНКА БАНКТЫН ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГИ АРКЫЛУУ КӨРСӨТҮЛӨ ТУРГАН КЫЗМАТТАРДЫН ТҮРЛӨРҮ:
Мөөнөттүү жана топтолуучу депозитти ачуу
Топтолуучу депозитти толуктоо
Насыяларды төлөө
Бардык валюталарда накталай эмес акча алмаштыруу операцияларын жүргүзүү
ФИНКА Банктагы эсептердин ортосунда акча которуу
ФИНКА Банктагы эсептен башка коммерциялык банктагы эсепке акча которуу
Карталык эсептер менен иштөө
«Ырааттама боюнча төлөмдөр» – кардардын ФИНКА Банктагы бир эсебинен башка эсебине каражаттарды автоматтык түрдө которуу кызматы
Операциялардын шаблондорун түзүү (ал шаблондордун жардамы менен кийин төлөмдөрдү жана акча которууларды, о.э. башка операцияларды оңой жана тез жүргүзүүгө болот)
«ФИНКА БАНК» ЖАК ИНТЕРНЕТ-БАНКИНГ СИСТЕМАСЫНА КИРҮҮНҮН 2 РЕЖИМИН СУНУШТАЙТ:
«КӨРҮҮ РЕЖИМИ» – ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗБӨСТӨН, ЭСЕПТЕР БОЮНЧА МААЛЫМАТТЫ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ АЛУУГА МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ.
КӨРҮҮ РЕЖИМИН КОЛДОНУУДАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР:
Эсеп/эсептер боюнча көчүрмөлөрдү алуу
Акча каражаттардын жүгүртүлүшү тууралуу маалыматты басып чыгаруу
«ТОЛУК РЕЖИМ» – ЭСЕП БОЮНЧА БАРДЫК КЕРЕКТҮҮ ОПЕРАЦИЯЛАРДЫ ЖҮРГҮЗҮҮГӨ МҮМКҮНДҮК БЕРЕТ.
ТОЛУК РЕЖИМДИ КОЛДОНУУДАГЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР:
Мөөнөттүү жана топтолуучу депозитти ачуу
Топтолуучу депозитти толуктоо
Насыя эсеби боюнча операцияларды жүргүзүү
Эсеп/эсептер боюнча көчүрмө алуу
Эсеп/эсептер боюнча операцияларды жүргүзүү
Акча которууларды жана башка операцияларды жүргүзүү
Интернет-Банкингге туташуу тартиби:
Системага кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн ФИНКА Банктын кеңселерине кайрылып, арызды толтуруп, келишимге кол коюу керек жана Интернет-Банкингге кирүү үчүн паролду алуу керек.
Ошондой эле, кошумча коопсуздукту камсыздоо максатында, кардар Е-токен түзүлүшүн сатып алса болот.
*Е-токен – бул корголгон түзүлүш, ал кош факторлуу аутентификацияны жүргүзүүгө жана ИНТЕРНЕТ-Банкинг системасына коопсуз кирүүгө арналат.
ФИНКА Банктын Интернет-Банкингинде иштөө үчүн акыркы версиядагы стандарттуу интернет браузерлер колдонулат (Mozilla, Chrome, Opera, Safari).
Колдонуучулар үчүн нускаманы PDF форматында бул жерден жүктөп алууга болот: ЖЕКЕ ЖАКТАР ҮЧҮН жана ЮРИДИКАЛЫК ЖАКТАР ҮЧҮН
ФИНКА Банктын Интернет-банкинг кызматы – бул эсептердеги акча каражаттарды башкаруунун ыңгайлуу, ишенимдүү жана жөнөкөй жолу.