FINCA БАНКТЫН КЫЗМАТТАРЫН КОЛДОНУУ ҮЧҮН АРАЛЫКТАН ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО

Аралыктан идентификациялоо – бул кардарга ар кандай банк кызматтарын Банктын кеңсесине барбай туруп коштурууга мүмкүндүк берүүчү процедура.

Аралыктан идентификациялоо жолу менен Банк адамдын инсандыгын аралыктан аныктайт жана ошону менен кардарларга Банктын кеңселерине барууну азайтууга жана FINCA Банктын кеңсеси жок аймактарда банк кызматтарын алууга мүмкүндүк берет.

Кардарларга ыңгайлуу болсун үчүн FINCA Банк төмөнкү кызматтарга аралыктан идентификациялоону сунуштайт:

  • FINCA ЭЛCОМ мобилдик капчыгы

  • FINCA ЭЛКАРТ улуттук төлөм картасы
  • Интернет-Банкинг

  • FINCA ЭЛКАРТ картасын кайра чыгаруу

*Кызматтардын тизмеси бара-бара көбөйөт.

FINCA БАНКТЫН КЫЗМАТТАРЫН КОЛДОНУУ ҮЧҮН АРАЛЫКТАН ИДЕНТИФИКАЦИЯЛОО

Сураныч, банк кызматтарын аралыктан алуу үчүн төмөнкү форманы толтуруңуз жана өзүңүзгө керектүү кызматты тандаңыз:


Эгерде Сиз аралыктан идентификациялоодон өтпөстөн, банк кызматтарын алууга өтүнмө калтыргыңыз келсе, өтүнмөнү бул жерге калтырсаңыз болот:

FINCA ЭЛКАРТ картасына онлайн өтүнмө
Интернет-Банкингге онлайн өтүнмө

Кардар үчүн аралыктан идентификациялоонун артыкчылыктары:

Кызмат/өнүм Аралыктан идентификациялоо жолу менен алуу Кадимки процедура менен алуу
FINCA ELSOM 1. Кардар AppStore/ GooglePlay аркылуу мобилдик капчыкты жүктөп алат жана капчыктын ичинде чектелген кызматтарга ээ болот.
2. Капчыктын ичинде кызматтардын түрүн кеңейтүү үчүн кардар Банктын кеңсесине барбастан, аралыктан идентификациялоодон өтүүгө арызды Банктын сайтында калтырат; Кеңсеге баруунун саны – 0 жолу.
1. Кардар AppStore/ GooglePlay аркылуу мобилдик капчыкты жүктөп алат жана капчыктын ичинде чектелген кызматтарга ээ болот.
2. Капчыктын ичинде кызматтардын түрүн кеңейтүү үчүн кардар Банктын кеңсесине паспорту менен барып, аралыктан идентификациялоодон өтүүгө арыз калтырат;
Кеңсеге баруунун саны – 1 жолу.
FINCA ЭЛКАРТ картасын чыгаруу же кайра чыгаруу 1. Кардар кеңсеге барбастан, аралыктан идентификациялоодон өтүүгө арызды Банктын сайтында калтырат.
2. Кардар паспорту менен кеңсеге барып, даяр болгон картаны алат. Кеңсеге баруунун саны – 1 жолу.
1. Кардар паспорту менен Банктын кеңсесине барып, карта алууга арыз калтырат.
2. Кардар паспорту менен Банктын кеңсесине барып, даяр болгон картаны алат. Кеңсеге баруунун саны – 2 жолу.
Интернет-Банкинг 1. Кардар Банктын кеңсесине барбастан, аралыктан идентификациялоодон өтүүгө арызды Банктын сайтында калтырат.
2. Кардар паспорту менен Банктын кеңсесине барып, жеке кабинетинин логинин/паролун алат. Кеңсеге баруунун саны – 1 жолу.
1. Кардар паспорту менен Банктын кеңсесине барып, Интернет-Банкинг кызматын ачууга арыз калтырат.
2. Кардар паспорту менен Банктын кеңсесине барып, жеке кабинетинин логинин/паролун алат.
Кеңсеге баруунун саны – 2 жолу.